Балбал

Википедия дан

Буркан таштар – байыркы жана орто кылымдарга таандык көчмөн түрк тилдүү уруулары мүрзө үстүнө коюучу таш айкелдер (скульптура). Бийиктиги 0,5–4 м. Алардын көпчүлүгүнө адамдын айкели, кийим–кечесинин деталдары, канжары, кылычы же колуна кармаган чөйчөгү менен кошо чегилген. Чөйчөк молчулукту, ырыскыны чагылдырган. Балбалдардан көчмөндөрдүн антропологиясын, аскердик жашоо салтын, кийимдеринен көчмөндөрдүн этнографиясын байкоого болот. Айрым учурларда Балбалдар жеңилген жоонун башчысына карата да жасалган. Балбалдар Моңголиядан, Европанын түштүк-чыгыш талааларынан, Борбордук Азиядан, Түштүк Сибирден, Алтайдан кездешет. Алгачкы балбалдар байыркы көчмөн элдерге (скиф, хунн, авар ж. б.), көпчүлүгү VI-XIII к. кыргыз, огуз, кыпчак ж.б. түрк тилдүү элдерге таандык. Мындай балбалдар Кыргызстандын Талас, Чүй, Ысыккөл өрөөндөрүнөн көп табылган.

."Балбал" созунун маанисин чечмелоодо ,бир катар окумуштуулар эмгектенишкен."Балбал "созу -таш бетине тушурулгон сурот эмес же душмандын образын берген айкел дагы эмес,ал жон гана олтурулгон адамдын символун берген ,озгочо формага ээ эмес таш.1 Балбал таштардын жасалышындагы жалпы байкоолордун натыйжасында,алар атайын тандалып алынган ,киши тусполуно,келбетине жакын таштардан жасалган.2деген пикирлер жаралган.Алардын тузулушун айрым окумуштуулар эжки типке болуп карашат:адамдын келбети толук тушурулгон балбалдар жана адамдын башы жана бети гана тушурулгон балбалдар.

Маалымат булактары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тарыхы боюнча кыскача энциклопедия. Бишкек. 2003(жеткиликсиз шилтеме)