Балбан таш(Токтогул району)

Википедия дан

Балбан таш(Токтогул району)Токтогул районунун борборунун түндүк-батыш тарабындагы дөңсөө. Ошол дөңсөөдө салмагы үч тоннадан ашыгыраак, бетине беш салаанын изи түшкөн сыяктуу таш бар. Жергиликтүү эл аны «Манастын балбан ташы» деп атайт. Манас миң кулунду тээктеген желенин бир учу байланган темир мамыны какканда ушул ташты пайдаланып, ага салаалары батып кеткен. Элдик уламыштарда ал таш ошол мезгилден бери төштүн боорунда жаткандыгы айтылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Манас энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4