Балдардын техникалык чыгармачылыгы

Википедия дан

Балдардын техникалык чыгармачылыгы - – политехникалык окуунун жана кесиптик багыт берүүнүн негизги каражаттарынын бири.

Ал балдардын техникага кызыгуусун арттырып, чыгармачыл жана ойлоп тапкыч жөндөмдүүлүгүн, чыгармачыл жана ойлоп тапкыч жөндөмдүүлүгүн, техникалык ойлонуусун өнүктүрөт, илимий деңгээлин жогорулатат. Балдардын техникалык чыгармачылыгы көбүнчө модель, прибор (аспап, шайман), механизм, жөнөкөй машина өңдүү техникалык объекттерди конструкциялоодон көрүнөт. Балдардын техникалык чыгармачылыгы класстан тышкаркы окууларда, мектептен тышкаркы мекемелерде (жаш техниктердин станциясында, клубдарда, чыгармачыл үйлөрдө ж. б.), о. эле эмгекке үйрөнүү жана предметтик сабактарда ишке ашырылат.

Балдардын техникалык чыгармачылыгы 4 негизги этаптан турат:

техникалык маселени алдыга коюп,
зарыл маселелерди жыйнап үйрөнүү,
маселени чыгаруу жолун издөө,
чыгармачыл ниетти ишке ашыруу.

Балдардын техникалык чыгармачылыгы уюштуруунун эң кеңири тараган формасы техникалык кружок. 1967-жылдан баштап системалуу түрдө кароонун составдуу бөлүгүн Балдардын техникалык чыгармачылыгы түзөт.

Эң жакшы эмгектер көргөзмөгө экспонат катары коюлат, сыйлыктар менен сыйланат. Б. т. ч. жеткинчектерди келечекте өндүрүштө, илимде, техникада чыгармачыл эмгектенүүгө көнүктүрүп, чыгармачыл жөндөмүн өнүктүрөт. Атактуу ойлоп табуучулардын, рационализаторлордун, өндүрүштүн новаторлорунун, конструкторлордун, илимпоздордун көбү өз учурунда Балдардын техникалык чыгармачылыгы аркылуу даярдалып өтүшкөн.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Педагогика (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,