Балдардын церебралдык шалы

Википедия дан

Балдардын церебралдык шалы —(лат. paralysis cerebralis infantilis)- балдардын нерв системасынын[1] жабыркашы жана эркин кыймылдын жок болушу же чектелиши менен мүнөздөлүүчү оорулар тобу.

Оорудун башталышынын негиздери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Балдардын церебралдык шалына балдардын бир жашка чейин ар түрдүү менингоэнцефалит менен коштолуучу вирус оорулары (кызамык, сасык тумоо жана башка) менен оорушу, эненин кош бойлуу мезгилинде оор жумуш иштеши, кайгыруусу, ичкилик ичүүсү, сүзөк жана көтөн жара оорулары менен оорушу, ошондой эле кыйын төрөттө баланын мээсине кан ауюлуу себеп болот. Бул себептер кыймыл борборун жабыркатат. Балдардын церебралдык шалынанын төмөнкү формалары бар:

  • Литл оорусу, балдардын псевдобульбардык шалы;
  • балдардын церебралдык гемиплегиясы

жана башка

Балдардын Литл оорусу көбүнчө төрөт мезгилинде мээнин жабыркашынан болот. Мында баланын колу-буту начар кыймылдайт. Ал белгилер бала төрөлгөндө эле байкалат.

Мындай балдар моюнун токтото, отура албайт. Жөлөп тургузса денеси ылдый ийилип, буту кайчылашып, тура албайт. Булчуңдары жыйрылып тургандыктан бутун бүгө же суна албайт, тургузганда таманы, согончогу жерге тийбей, бутунун учуна таянат. Колунун манжалары жумулуп, колу кырк муун же чыканак мууну тушта денени карай бүгүлүп турат. Кыймыл-аракети начар болуп, кеч басат, кеч сүйлөйт. Колунун кыймылы бутуна караганда эртерээк кыймылга келет. Оорунун оор түрүндө балдар караманча баспайт.

Балдардын псевдобульбардык шалында эмчек эмүү, жутуу, чайноо, эрин, тил, бет таңдайдын кыймылы бузулат. Бул белгилер бала төрөлгөндө эле байкалат. Бала чоңоё баштаганда сүйлөй албай, өзүнөн өзү күлөт же ыйлайт. Балдардын церебралдык гемиплегиясы эмчектеги бала энцефалит жана менингоэнцефалит менен ооруса, чанда мээ жабыркаганда болот. Оору инфекциядан болсо, кескин башталып ысытма болот, кусат, эсин жоготот, булчуңдары түйүлөт. Оору кайсы капталы (оң же сол) жабыр тартса, ошол тарабынан кармайт. Мында бут, көбүнчө кол жабыркайт. Шал болгон буттун кыймылы колдукуна караганда тезирээк калыбына келет. Жабыркаган кол-бут соосунан ичке жана кыска болот. Баланын психикасы бузулат, талма болушу мүмкүн.

Оорунун диагнозун дарыгер коюп дарылайт. Дарылоо узакка созулгандыктан массаж, дене тарбия көнүгүүлөрүн баланын энеси үйрөнүп алганы оң.

Оорунун алдын алуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Балдардын церебралдык шалынан алдын алууда кош бойлуу энелер түрдүү урунуудан, уулануудан сак болушу, түрдүү жугуштуу оорулардан өз убагында дарылануусу, туура режим менен эс алышы, витаминдүү, сапаттуу тамактануу, ошондой эле оор жумуш иштебей, катуу кайгыруудан сактануусу зарыл.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. ПАРАЛИЧ | Энциклопедия Кругосвет

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8