Массаж

Википедия дан

Массаж (укалоо) — органдарга жана ткандарга атайын аппарат же кол менен механикалык, рефлекстик таасир кылуучу дарылоо ыкмасы. М-дын организмге таасири организмдин көп системасы менен органдары катышкан татаал физиологиялык процесстерден келип чыгат. Анда негизги ролду нерв системасы ойнойт. Мындан башка гумордук фактордун да ролу зор. Массаждын таасиринен териде биологиялык активдүү заттар пайда болот. Алар канга өтүп, кан тамырлардын реакцияларында, нерв импульстарын берүүдө катышат. Аны менен бирге массаж ткандарга түздөн-түз механикалык таасир этип, натыйжада лимфа, кан, ткандардын арасындагы суюктуктун айланышы күчөйт, зат алмашуу жакшырат. Теринин ийилгичтиги, температурага жана механикалык таасирге туруктуулугу жогорулайт, булчуңдардын жыйрылуу функциясы, тонусу оңолот, байламталардын кыймылы күчөйт. Массаж жүрөк-кан тамыр системасынын ишин жакшыртат; капиллярлар кеңейип укалаган жердеги ткандардын гана эмес, андан алыс жайгашкан ткандардын кан менен жакшы камсыз болушуна (рефлекс жолу менен) мүмкүнчүлүк берет; артерия жана вена канынын жүрүшүн жеңилдетет. Массаждан кийин организмдин жалпы абалы оңолуп, чарчоо жоголот. Массаж жалпы (анда бүт дене укаланат) жана чектелген (дененин бир бөлүгү, мисалы, бут кетмени, манжа жана башкалар) болуп бөлүнөт. Массаждын негизги ыкмалары — сылап-сыйпалоо, сүрүү, ушалоо жана дирилдетүү. Массаж процедурасы сылап-сыйпоо менен башталып, аны менен бүтөт. Ал манжалардын учу, алакан менен денеге, кол-бутка узатасынан же туурасынан; ичке, аркага, жамбашка ийри-буйру; ичке, муундарга спиралдай тегерете жасалат.

Сүрүү — катуу жасалуучу ыкма, анда тери жана анын астындагы ткандар түрдүү багытта чоюлуп жылат. Аны манжалар, алакандын түбү, кыры, муштум менен жүргүзөт. Сүрүү борбордон четке же карама-каршы багытта жайыраак, сылап-сыйпалоо менен айкалыштырып жасалат. Ткандарды сүрүү аларды массаждын кийинки этабына даярдайт. Ушалоо — Массаждын татаал ыкмасы. Ал үстүңкү ткандарга гана эмес, терең жаткан булчуңдарга да таасир этет. Анда ткандарды каршы тартып, көтөрүп, басып, чоёт. Бир же эки кол менен ушаласа болот. Дирилдетүүдө дененин бөлүгүнө термелүү кыймылдары берилет. Ал кол же атайын массаждык аппарат менен ар кандай жыштыкта, ылдамдыкта жана амплитудада жасалат. Үзгүлтүктүү дирилдетүүдө чапкылоо, чабуу; үзгүлтүксүз дирилдетүүдө титиретүү, термелтүү, түртүү колдонулат. Ал манжалардын же алакандын термелүүчү кыймылдары менен жасалат. Массаж жүргүзүүдө укалануучу дененин бөлүгү ачык болуп, булчуңдарды бошоңдотуп, кишини отургузуп же жаткырып жасоо керек. Тери өтө кургак жана сезгич болсо абдан жакшы боло элек тырыктарда массаж кыймылдарын жакшыртуу үчүн вазелин, тери майлуу жана терчил болсо тальк колдонулат.

Массаж катуу кармаган сезгенүү процесстеринде, кан ооруларында, тромбофлебитте, ириңдүү процесстерде, ар кайсы тери ооруларында, туберкулёз күчөгөндө, зыяндуу шишиктерде жасалбайт. Жалпы массажды тамак ичкеНден 1,5—2 сааттан кийин жасоо керек. Массажды атайын үйрөтүлгөн массажисттер жүргүзөт.

Массаждын түрлөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Массаждын дарылоочу, спорттук, гигиеналык жана косметикалык түрлөрү бар.

Дарылоочу массажды таяныч-кыймыл аппаратын, муундардын түрдүү ооруларын, травмасын, куяңды жана башкалар комплекстүү дарылоодо врач белгилейт. 0шондой эле массаж жүрөк-кан тамыр, дем алуу, нерв системаларынын ооруларында, зат алмашуунун бузулушунда (өтө семирүү, подагра) жана башкаларда колдонулат.

Спорттук массаж чарчоону жоготууда жана күч-кубатты калыбына келтирүү үчүн пайдаланылат. Ал даярдоочу, машыктыруучу, калыбына келтирүүчү болуп бөлүнөт. Гигиеналык массаж көбүнчө эртең мененки гимнастика менен бирге жасалат. Андан киши сергек, сымбаттуу болот.

Гигиеналык массаждын бир түрү — өзүн-өзү укалоо. Өзүн-өзү укалоо организмдин тонусун, ишке жөндөмдүүлүгүн, булчуңдардын күчүн жогорулатат, чарчоону басат жана чарчагандан кийин тезинен калыбына келтирет. Ал үчүн массаждын бардык эрежелерин колдонуу зарыл. Укалоочу колдун кыймылдары четтен борборго (лимфа түйүндөрү жайгашкан жерлерге, колтукка, чыканак бүктөөсүнө) карай умтулат. Жалпы массаж 10—15 мин., дененин кээ бир бөлүктөрү 5—10 мин. жасалат. массажды бут кетменинен баштап, шыйрак, тизе мууну, сан, бел кырчоо, арка, моюн, баш, көкүрөк, ич жана эң акырында колдорду укалайт. Балдарды М. жасоо өзгөчөлүктөрүн к. Эмчектеги бала, Мектепке чейинки бала.

Косметикалык массажды врач-косметолог косметика кабинеттеринде жасайт.


Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8