Балдар айылы

Википедия дан

Балдар айылытомолой жетим же ата-энесинин биринен ажырап, кароосуз калган балдар үчүн шарты үй-бүлөдөгү абалга жакын уюштурулган мекеме.

Мындай балдар айылы 1949-жылы биринчи жолу австриялык педагог Герман Гмайнер тарабынан уюуштурулган. Герман Гмайнер дүйнөдөгү алдыңкы педадогикалык жетишкендиктерге таянып, жетим же эне-атасы тарабынан багуусуз калган балдарды тарбиялоочу эффективдүү тарбия системасын түзгөн. Азыркы күндө дүйнөдөгү 120 мамлекетте Балдар айылы түзүлгөн.

Биздин өлкөдө да эл аралык коомчулуктун жана «Мээрим» фондунун колдоосу менен 2000-ж. Бишкек шаарында, 2002-ж. Чолпон-Ата шаарында SOS–балдар айылы уюштурулган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Педагогика (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,