Балдар театры

Википедия дан

Балдар театры - репертуары, негизинен жаш жеткинчектерге жана өспүрүмдөргө арналган профессионалдык театр. Балдар театырынын репертуарын балдарды идеялык жана эстетика жактан тарбиялоочу спектаклдер түзөт. Балдар театры Кыргызстанда 1936-ж. уюштурулган. Анын уюштуруучусу жана директору О. Сарбагышев болгон. Алгачкы жолу Н. В. Гоголдун «Үйлөнүү» комедиясы коюлган. 1941-ж. жаңыдан уюшулган Кыргыз мамлекеттик драма театрына кошулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4