Балдуу өсүмдүктөр

Википедия дан

Балдуу өсүмдүктөр -гүлүнөн бал аарысы гүл ширесиң жана чаңчалар жыйноочу өсүмдүктөр тобу.

Кээ бир Балдуу өсүмдүктөр (чие, кипрей) жабышкак заттуу болот. Аары ал затты мом жана чаңчалардын - кабыгындагы бальзамдуу заттар менен аралаштырып, бал челектин жаракаларын бүтөө үчүн, суук түшкөндө уюгундагы көзөнөк-төрдү кичирейтип! үчүн жумшалуу чу желим затты (прополис) даярдайт. Өсүмдүктөр өздөрүн чаңдаштыруучу чымын-чиркейлерди гүл ширеси менен өзүңө тартат. Алардын бул жөндөмдүүлүгү тарыхый процессте пайда болгон. Орто Азияда 1000 түрдөн ашуун Балдуу өсүмдүктөр бар, бирок аарылар алардын. баарынан эле бал жыйнабайт, Гүл ширесине бай өсүмдүктөр: акация, зараң, жийде, чырганак, тал, жемиш бактар жана, бадалдар, катраң, кашка беде, кычы, жалбыз, каакым, күн карама, пахта, эспарцет ж. б. Балчылыкта колдо өстүрүлгөн Балдуу өсүмдүктөрдүн (күн карама, пахта, эспарцет, жемиш бактар жана бадалдар) мааниси чоң.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.