Балкан пактысы

Википедия дан

Балкан пактысы - 1953-жылы Түркия, Греция жана Югославия тарабынан Анкарада кол коюлган достук жана кызматташтык келишими кийинчерээк 1954-жылы август айында Югославиянын Блед шаарында бул пактынын түзүлүшүнө негиз болгон.

Саясий чөйрөдө бул пакты Балкан пактысы деп аталат. Тараптар экономика жаатында да кызматташууну жана туруктуу катчылык ачууну пландашкан. Бул келишим Россия менен Югославиянын ортосундагы келишпестиктерди чечүү, аларды Батыш өлкөлөрүнө тартуу, айрыкча НАТОдо союздаш болгон Греция менен Түркиянын достугун чыңдоо максатын көздөгөн. Түрдүү себептерден улам көздөгөн максат жүзөгө ашпаган соң Балкан пактысы өтүмдүү болбой калган. Мындан тышкары админстративдик саясатта да маанилүү орунду ээлей алган эмес.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эл аралык мамилелер сөздүгү/ Түз. Аббас Караагачлы; котор. Топчугүл Нармаматова, -Б.:КТМУ, 2008.- б. ISBN 978-9967-24-921-9