Балкы тон

Википедия дан

Балкы тон — баалуу кездемеден тигилип, кандардын, байлардын байбичелери кие турган тон. Мисалы, Чыйырды кийген тон жөнүндө «Байбиче турду балк этип, Балкы тон менен жалк этип» (Сагымбай Орозбаков, 1. 26),— деп сүрөттөлөт. Б. т. деген термин Ооганстандын Балх шаары менен байланыштуу. Бул шаарда жасалган тон өзгөчө кымбат баалуулугу, кооздугу менен айырмаланып, чыккан жеринин атынан аталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Манас энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4