Чыйырды

Википедия дан

Чыйырды"Манас" эпосунун каарманы. Манастын энеси. Сагымбай Орозбаковдун вариантында кытай-калмактар кыргыздарды чаап, туш-тушка таратканда Чыйыр деген өлгөн агасынын аялы Шаканды Жакып алат. Чыйырдын аялы делип жүрүп байбичесинин Шакан аты калып, Чыйырды аталып кеткен. Өзүнүн өмүрүн бүт бойдон элдин тагдырына багыштаган баатыр баланы жана неберени тарбиялоого жумшаган мекенчил эненин элеси дастанда "эл башына күн түшсө эл жараткан эр келет" деп эл самаган Манас баатырды тапкан кең пейил, акылман Ч-нын элеси аркылуу берилет. Манаска дос болом, кыргыздар үчүн ак ниетим менен адал кызмат өтөйм деп келген Алмамбетке Ч. эне эмчек сүтүн татытат. Баласы Манастын кайгысы сууй электе кичи аялынан төрөлгөн балдары Абыке, Көбөштү тукурган чалы Жакыпка, чыккынчы зөөкүрлөргө наалат айтып, балтыр бешик Семетейди жашырып алып качып чыгат. Ч. менен Каныкей Семетейди эр жеткирүү максаты менен Букарга, Каныкейдин төркүнүн көздөй качышат. Ар кандай кыйын кысталыш учурларда Каныкейди кайраттандырып, акылын айтат. Семетейди өстүрүүдө Каныкейдин активдүү жардамчысы болот. Тайторуну чабарда да Каныкей Ч. менен кеңешет, анын батасын алгандан кийин гана атын байгеге кошот. Семетей эр жетип, атасы Манас, жери Талас экенин билгенден кийин энеси Каныкейди, чоң энеси Ч-ны алып элине келет да аларды эңсеп күткөн калкынын, акылман Бакайдын жардамы менен душмандары Көбөш канды жана анын кошоматчыларын жеңет. Ч. "Семетейдеги" окуяларга аз катышса да, сюжеттин өнүгүшүндө ар дайым эске алынып айтылып турган жандуу образ. "Манас", "Семетей" бөлүмдөрүндө тең Ч-нын образы аркылуу өз эли-жерин сүйгөн, баатырды тарбиялоонун бардык кыйынчылыктарына чыдаган, дайыма адилеттик тарабында болгон патриот эненин элеси берилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4