Балл
Көрүнүш
Балл - (франц. Balle – шар, топ) –
1. Кубулуштун деңгээлин же күчүн аныктай турган шарттуу белги (Мисалы: шамалдын ылдамдыгы, жер титирөө ж. б.).
2. Окуучулардын окуу материалдарын өздөштүрүүсүн жана жүрүш-турушун баалай турган сандык белги (баа). 5 баллдуу система боюнча окуучулардын жетишкендиктерине баа коюу 1944-ж. кабыл алынган:
- 5 – «эң жакшы»,
- 4 – «жакшы»,
- 3 – «орто»,
- 2 – «жаман»,
- 1 – «эң жаман».
Ар түрдүү өлкөлөрдө ар башка сандык баллдуу системалар бар. Мисалы: Италияда 11, Франциянын лицейлеринде – 20, Нидерландыда – 10 ж. б.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Педагогика (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,