Балтабай уулу Айдыраалы
Балтабай уулу Айдыраалы (1889—1973) Зергер. Ат-Башынын Кара-Коюнунда төрөлгөн.
Атасы беш бир тууган тең суу башындагы атактуу усталардан болгондуктан «беш балка» аталышат. Аларга Байчоро, Байсаяк, Бөбөтөй, Үкүлүү, Балтабай кирет. Айдыраалыга Үкүлүүнүн уулу Ыбырай таалим-тарбия берет. Уста 14 жашынан баштап узанган. Ат-Башы районундагы Кызыл-Туу айыл чарба артелинде темирчилик менен жыгаччылыкты оңдуусолдуу кармап келген. Ал жасаган арабалар азыр да бар. Согуш учурунда колхоздо темир уста болгон. Kapa темирчиликти, зергерчиликти бирдей кармаган. Ал абалы жуушаң, кайчы, депкир, маки, бычак, темир комуз өңдүүлөрдү кармап, кийин күмүш иштетүүгө өткөн. Анын зергерчилигинде «сыя төгүү» (зоот, мөөр түшүрүү, себет төгүү) ыкмасы жогору турат. Бул - күмүш бетине (топчулук, билерик ж. б.) көркөм оюм-чийимдерди берүү менен көркөмдөө. Мында ал ага из түшүрүп алуучу ийне шибегени колдонот. Андан соң анын сыртына зергер дапдаана оюм кылуучу сабы жумуру жыгачтан 2 смдей учу бар чийим шибегени же ойгучту пайдаланган. Андан кийин көркөм оюм түшкөн жерге «себетти» (боёкту) калакча менен салып, оттун табына этият кармаган. Ошондо чуңкурча толот. Мунун кургатып туруп өгөөлөп койсо, кол менен тарткандай кооздук түшкөн. Бул «чегелөө» деп айтылат. «Мөөр шакек», «мөөр топчу», «мөөр билерик» деген сөз мына ушундан калган. «Сыя төгүү» (себет төгүү) менен зер буюмдарына түшкөн тигил же бул элдик көркөм оюмду зергер «зооткер» деп атаган. Бул күмүштүн негизги «саймасы» болуп саналат. Ошондуктан, «зооткер», «мөөр», «сыя төгүү», «себет төгүү», «зоот жасоо» деген терминдердин түпкү түшүнүгүн бирдей колдонгон. Анын күмүш эритүү ыкмасы: оттун күлүн таптап туруп, үстүндөгү жыгач көмүргө күмүштү тосуп турса, эрип көлкүлдөй түшөт. Оттун табын азайтса эриген күмүш аппак болуп өңүнө чыгат. Аны дөшүгө коюп, чаап ийине келтирип, керектүү буюм жасоого киришкен. Ар бир жасалуучу буюмунун калыбы болгон. Ага салып сомдоп, оюм түшүргөн. Күмүш оюмунун түбөлүк карарып калышы үчүн чегелей турган боёкту ал өз колу менен жасаган. Кызыл жездин, күкүрттүн, коргошундун, таза күмүштүн кошундусун таразага так тартып, тигил заттардын бирөөнүн составын оодук кошуп, баарын аябай аралаштырган. «Эриткич» деп атаган темир капталган чопо чөйчөккө салып, мүнөздүү эритип, муну кызыл чок болгон жыгач көмүр менен аралаштырган. Эритме бышканда кара баркуттай кулпунуп калган. Муну таза темирге куйса дароо колдоюп сууйт. Анан аны тоскоктой майда талкалап, кичине чөйчөккө салып «ак данакерди» («бура» деген затты) кошот. Устанын шакирти Абыкеев Качкынбай айыл чарба машиналарынын ар кандай бөлүктөрүн жасоону үйрөнгөн.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0