Балтабейит эстелиги

Википедия дан

Балтабейит эстелигиКаракужур өрөөнүндөгү Туурасуу ж-а Жеркөчкү айылдарынын ортосундагы дөңсөөгө жайгашкан. Бейиттин күн батыш тарабындагы түздүктө байыркы түрк дооруна мүнөздүү (6–10-к.) маркум болгон адамга арналган төрт чарчы таш коргончолор жайгашкан. Ар бир коргончонун аянты 3,4–3,8 м. Маркумга арналган ырымдар ушул коргончонун ичинде аткарылган. Күлдүн калдыктарына ж-а малдын сөөктөрүнө караганда, ырымдарды аткаруу учурунда отту колдонушкан ж-а малды маркумга арнап садага чабышкан. Коргончолордун күн батыш тарабына адамдын бет келбети түшүрүлгөн таш балбалдар орнотулган (кээсинде сүрөтү жок, жөн гана таш мамы). Балбалдардагы ар бир адамдын бет келбети бири-биринен айырмаланат. Болжолу ар биринде маркумдун сүрөтүн түшүрүүгө аракет кылышкан. Көбүнчө муруттуу эркектин сүрөтү арбын. Кыргызстанда ж-а ага коңшулаш аймактарда буга чейин кездешпеген аял келбеттүү, үч мүйүздүү баш кийими бар балбал табылган. 1990-ж. К. Табалдиев археол. изилдөө ишин жүргүзгөн.

Маалымат булактары[түзөтүү | булагын түзөтүү]