Балтамат

Википедия дан

Балтамат — кейипкер, бараң элинин баатыры. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Манас батыш тарапка жортуул жасап, бараңдын каны Балтаматты каратат, башка эпизоддордо да аты эскерилет. Мисалы, «Көкөтөйдүн ашында» алыскы элдин кандарынын катарында саналып өтөт (Сагымбай Орозбаков, 3. 9). Мусулманкулов Молдобасан дун вариантында Семетей менен араздашкан Чынкожо Балтаматтын канаттуу кара атын, мылтыгын уурдап келип Айчүрөккө күйөөлөп барган Семетейге каршы асмандан уруш ачат. Айрым изилдөөчүлөр Балтаматтын образын Бонопарт Напалеон менен тогоштурушат. Мүмкүн, манасчылар сабаттуу адамдардан Бонапарт бараңдын (франктын) атактуу кол башчысы болгонун угушуп, эпоско кийинки эле мезгилдерде киргизишкен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4