Балташев Байызбек

Википедия дан

Балташев Байызбек (20.12.1942-ж.т., Айгыр-Жал айылы) - саламаттык сактоо тармагынын көрүнүктүү ишмери, райондун ардактуу атуулу.

Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун стоматология факультетин бүткөн (1967).

  • 1967-73-жылдары Ала-Бука районунун 1-Май колхозунун ооруканасында башкы дарыгер,
  • 1973-75-жылдары Шакафтар шаарчасындагы республикалык кургак учук ооруканасында педиатр,
  • 1975-80-жылдары Ала-Бука райондук ооруканасында башкы дарыгердин орун басары,
  • 1980-83-жылдары Чаткал райондук ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары,
  • 1983-93-жылдары башкы дарыгери болуп иштеген.
  • 1993-жылдан Айгыр-Жал айылдык ооруканасынын башкы дарыгери.

Мактоо баракчалары менен сыйланган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6