Балта ыргытмай

Википедия дан

Шарты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулардын саны 2—5 киши.

Оюн талаада өткөрүлөт.

Оюнда балталар колдонулат.

Оюнга даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Балта ыргытуу үчүн 10 м, узундуктагы чийме сызылгандан кийин оюнчулар, оюндун шартын сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулар кезектери келгенде, бирден балталарын алышып, сызылган чиймеге чыгышып, бир аз күүлөнүп жүгүрүшкөндөн кийин балтаны талааны көздөй ыргытышат. Балта түшкөн жер белгиленет. Оюн оюнчулар каалаган убакытка чейин уланышы мүмкүн. Балтаны алыстыкка ыргыткан оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Балта ыргытып жаткан оюнчуга жакындоого, талаада турууга, балтаны талаадан башка жакка ыргытууга, бир-бирине тоскоолдук кылууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюн өткөрүлүүчү жер, адамдар жасашкан жерден, алар чогулушкан жерден сырткары болушу керек.

Оюндун педагогикалык мааниси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнда күч, ийилчектикке тарбияланат, ыргытуунун ыкмаларын, тартипти сактоого үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]