Балыкчы кушу

Википедия дан
Pandion haliaetus

Балыкчы кушу (Pandion haliaetus), (Linnaeus, 1758):

Жалпы жана өлкөдө таралышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

КМШнын Батыш чек арасынан тартып Камчатка, Сахалин жана түштүк Курил аралдарына чейин. Колңск жарым аралынын түндүгүндө, ал эми батыш тарапта бир гана Алдандын ортосуна чейин. КМШдан сырткары Батыш Европада, Түндүк жана Борбордук Америкада, Азияда, Гималайдын түндүк жагына чейин, Африкада, Түштүк Азияда кездешет. Республиканын территориясында Чүй өрөөнүндөгү көлмөлөрдө көчүү (миграция) мезгилинде кездешет. 1949-, 1952-жылдары Бишкек шаарынын четинде кездешкени жана 2002-жылы көрсөтүлгөн . Ошондой эле Ысыккөлдө бир нече жолу негизинен түндүк жээктеринде болгону көрсөтүлгөн. 1956-жылы Койсары айылында, 1957-жылы Ананңево, Түп айылдарында; 1956-1957-жылы Атбашы суусунун сол жээктеринде. 1956-1957-жылдары бирин-серин жуптары уя салуу мезгилинде Ортоөрүктү айылында кездешкен. Ысыккөлдө уя салуусу мүмкүн. 1954-жылы Сарычелектин аймагында эки уясы табылган.

Жашаган аймактары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Балыктарга бай жана жээги токойлуу тунук көлмөлөр.

Саны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстандын шарттарында анын саны изилденген эмес. Республиканын бүт территориясында аз санда болот.

Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Март-апрелдин аяк ченинде учуп келет. Апрелдин аягында - майдын башында жумуртка тууйт. Уясында 2-3 жумуртканы 34-40 күнгө чейин басып чыгарат. Учуп кетиши августун үчүнчү декадасынан тартып октябрга чейин созулат.

Чектөөчү факторлор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жашаган көлмөлөрдү чарбалыкка багыттап өздөштүрүү, бак-дарактарды кыйып жоготуу, балыктардын запасын азайтуу. Ошондой эле уяларын кырып, бузуп жоготуу, уя салуу мезгилинде алардын тынчын алуу.

Көбөйтүү (колдо багуу)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Маалымат жок.

Уюштурулган коргоо аракеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Республиканын территориясында кармоого тыюу салынган. Коруктардын территориясында коргоого алынган .

Коргоо үчүн зарыл аракеттер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Санын эсепке алуу, уялоочу жерлерин коргоо үчүн эсепке алуу. Түрдү сактоо үчүн пропаганда жасоо.Биологиясын тактап, терең изилдөө, уя салуучу жерлерге жасалма уяларды салып аны кыныктыруу.

Статусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

VII категория, Least Concern, LC. Бул түр Кыргызстанда жок болуп бара жаткандарга кирет. Канаттуулардын дүйнөлүк фаунасындагы бир типтеги тукум менен уруусундагы өкүлү. P.h.haliaetus (Linnaeus, 1758) түрчөсү кездешүүдө.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]