Балык заводу

Википедия дан

Балык заводу - балык өстүрүүчү ишкана. Анда балык урук таштоочу, инкубациялык, чабак өстүрүүчү, тоют даярдоочу цехтер болот. Анын структурасы балыктын түрүнө жана андан алынуучу продукцияга жараша түзүлүп, аны курууда ошол жердеги суунун сапатына көңүл бурулат. Балык урук чачуучу мезгилине чейин өзүнчө кармалып, жетилгенден кийин уруктандырылат. Чабак бассейндерде жана жасалма көлмөлөрдө өстүрүлөт. Аларды тоюттандыруу үчүн атайын курттар, суубүргөлөрү көбөйтүлүп, көкбоор, сөөк уну жана тууралган балык эти пайдаланылат. Ысыккөлдөгү Тоң заводунда жилингир (форель) балыгы өстүрүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4