Балык иштетүүчү машиналар

Википедия дан

Балык иштетүүчү машиналар - балыкты механикалык жол менен иштетүүгө ылайыкталган машина.

Ал бир операциялуу жана көп операциялуу болуп бөлүнөт. Бир операциялуу машиналар балык иштетүүдөгү бир гана операциядан турган ишти аткарат (кабырчык тазалоочу, балыктын башын кесүүчү, порциялоочу машиналар). Көп операциялуу машиналар бир мезгилде бир нече түрдүү технологиялык операцияларды аткарышат. Машиналардын өндүрүмдүүлүгү өзүнүн өлчөмдөрүнө жараша болот. Балык иштетүүчү жарым автомат машиналар балыктан консерва жасоодо колдонулат. Жарым автоматтардын өндүрүмдүүлүгү минутасына иштелип чыккан балыктын саны, бычактардын айлануу саны менен аныкталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.