Балык майы

Википедия дан

Балык майы - (Oleum jaecoris Asell) трескалар тукумундагы балыктын боорунан алынат. А, Д витаминдери болот. Медицинада колдонулуучу балык майы итий, остеомаляция, анемия ооруларында, ошондой эле ар кандай жараатта, күйүктө дары катары жана тамак-аш өнөржайында пайдаланылат. Техникада колдонуучу балык майы куйкум жыттуу, сары же күрөң суюктук. Бул май балык калдыктарын кайра иштетүүдөн алынып, булгаары чыгаруу жана самын кайнатуу өнөржайларында колдонулат. Төлдүн, жөжөлөрдүн бат торолушу үчүн жемге аралаштырылып берилет жана малдын итий, ксерофтальмия ж. б. илдетин дарылоодо да пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4