Бальтасар Грасиан

Википедия дан
Бальтасар Грасиан.

Бальтасар Грасиан (1601-1658), испан жазуучусу (Афоризмдер. Орус тилинен которгон Олжобай Шакир.)

  • Азчылыкка келгенде акылдуубуз, көпчүлүккө келгенде оомабыз.
  • Чычканга кебек алдырбаган сараң карышкырга келгенде алдырат.
  • Адам өмүрү пендечилик жорук-жосундар менен кармашып жүрүп өтөт.
  • Өкүмдарың мойнуңа жүк артарда айкөл көрүнүп, агынан жарылып сүйлөйт.
  • Товарыңды ким жамандаса, сатып алчу кардар ошол.
  • Акчаңдан күйсөң да, товардын сапатынан күйбө.
  • Эс-акылы жок үчүн көпчүлүгү эс-акылын жоготпой жүрөт.
  • Достордон айрылгың келбесе, алардын чоң ийгиликке жеткенин тилей көрбө.
  • Сенин көзүңчө бирөөгө "жок" деген адамдан бирнерсе суранба, демек, ал экинчи тилемчиге да оңой шылтоо табат.
  • Ишиң илгерилебегени - өзүңдүн эле макоолугуңдан.
  • Сага эч качан каршы сүйлөбөгөн кишини мактаба, демек ал сени эмес, өзүн жакшы көргөн үчүн дудук болуп жүрөт.
  • Сага ишенбегендей түр менен караган киши карандай калпычы.
  • Калпычынын алдында эки кыйынчылык бар. Биринчиси: ага эчким ишенбейт. Экинчиси: өзү да эчкимге ишенбейт.
  • Жайнаган кирешени жалгыз чыгаша алып келет.
  • Аянтта айкырып аткан адамдын акылдуу же акылсыз экени арсар. Анткени ал аянттагы аңкоолордун акылы менен өзүнүн жүрөгүндө макул болбосо да, баарыбир элдин атынан айкырат.
  • Эки жээкте туруп алып бирин-бири "акмак" дегендин баары акмак.
  • Сууга чөгүп бараткан адамдан абайла. Куткарганы кол берсең, сени кошо тартып кетет.
  • Жомоктогудай жашоого жеткениң - жашооңдун бүткөнү.
  • Эң коркунучтуу душман эски достордон чыгат.
  • Эх, десең… кептин баары, келатканыңды алдыңда жамырагандар көрүп, кубанганында эмес, чыгып баратканыңды көрүп, өкүнүп калганында.
  • Келесоо көрүнгөндөрдүн баары келесоо, соо көрүнгөндөрдүн да жарымы келесоо.
  • Ким келесоону ажыратпаса, ал келесоо. А келесоонун келесоо экенин билип туруп жанында жүргөн андан бетер.
  • Ким жытчыл болсо, былыктын баары ошондо.
  • Бир арстанды көргөнүң, баарын көргөнүң; бир койду көргөнүң, баарын көргөнүң. А бир адамды көргөнүң, бир эле адам, бирок анын да заадисин көрбөйсүң.
  • Илимге ашкере башын сайган адамдар оңой алданышат, себеби, андайлар турмуштагы эң жөнөкөй, эң зарыл нерселерден алыс.

Булак[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Олжобай Шакир. "Күмүш сырга", Бишкек – 2007.