Банка (сайроон)

Википедия дан

Банка (сайроон) - (нем. Bank) материктин суу каптаган чет жакасында жайгашкан салыштырмалуу туюк сайроон. Муз каптаган шельфтүү аймактарда кездешет. Негизинен кумдан жана жумуру таштардан түзүлөт. Кумдуу банкалар агымдардын таасиринен өзүнүн түзүлүшүн өзгөртүп, ордун ооштурат. Арктикалык деңиздерде банкалар кээде аралдардын жээктеринин ургаалдуу жемирилишинен пайда болот. Тоолуу жээктердеги кууш шельфтерде аскалуу банкалар кездешет. Трансгрессиядан пайда болгон тайыз деңиздерде банкалар рельеф калдыктарын түзөт. Ал эми океандарда алар жанартоолордон жана кораллдардан түзүлгөндүктөн, банканын узундугу 800 км ден (Чоң Ньюфаундленд банкасы) ашат. Океан таманынан бийик көтөрүлгөн банкалар кеме жүрүү үчүн чоң коркунучту туудурат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4