Банк капиталы

Википедия дан

Банк капиталы - банктын акча каражаттарынан жыйналган капиталы. Ал банктын менчик капиталынан, элдин аманатка салган акчасынын белгилүү үлүшүнөн жана банктагы убактылуу бош акчалардан түзүлөт. Банк капиталынан өнөр жайга кредит берилет. Мында капитал ээси тиешелүү пайда алат. Банк капиталы адегенде өнөр жай капиталы менен кредит аркылуу гана байланышып келсе, кийин бул өнөржай капиталы менен биригүүнүн натыйжасында финансы капиталын пайда кылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4