Капитал (экономика)

Википедия дан

Капитал (нем. Kapital, лат. capita-lis – башкы) – экономикалык категория. Адам тарабынан түзүлгөн ресурстар, алар товарларды өндүрүү менен кызмат көрсөтүүлөрдө пайдаланылат жана киреше алып келет.

Капитал акча капиталы же реалдуу капитал түрүндө болушу мүмкүн. Ишканалардын деңгээлинде капитал деп өндүрүштө пайдаланылган материалдык жыргалчылыктардын (буюмдардын) жана акча каражаттарынын бардык жыйындысын түшүнүшөт. Марксизмде капитал деп капиталисттик коомдо жалданма жумушчуларды эзүүнүн натыйжасында кошумча наркты пайда кылуучу нарк аталган. Бул эмгегинде Маркс тарыхый процессти изилдөөнүн диалектикалык-материалисттик концепциясын пайдалануу аркылуу капиталисстик коомдун өнүгүшүнүн экономикалык мыйзамын ачкан.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8