Бантенг

Википедия дан
Бантенг.

Бантенг (лат. Bos javanicus) — ача туяктуулар тукумундагы жапайы уй. Тулкусунун уз. 2 м, бийикт. 1 м, өңү күрөң, мүйүзү 40-50 см. Жаш Бантенгдин мүйүзү тайтагай, чоңунуку ич жагына ийрейип, кайкайыңкы келет. Анын жапайысы Малакка, Индикытай жаңы аймагында жана Малайя архипелагында кездешет. Ал түз жерлерде жана токойлуу тоолордо (деңиз деңгээлинен 2000 м бийиктикке чейинки) жашайт. Саны азаюуда, ТКЭСтин кызыл китебине катталган. Бакмасы бали малы деп аталып, эти үчүн гана багылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. /Башкы ред. Асанов Ү. А. К 97        Б.: Мамл. тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4