Бантустандар

Википедия дан

Бантустандар, (африк. Baentostan) хоумленддер - Түштүк Африка Республикасынын (TAP) расистик бийликтери тарабынан жергиликтүү африкалыктар жашаган аймактарда уруулук белгилери боюнча түзүлгөн мамлекеттик бирикмелер. Бантулардын өз алдынча башкаруусун өнүктүрүү боюнча 1959-жылдагы мыйзамга ылайык ар кандай режимдеги 10 бантустан түзүлгөн.

Бүт бантустандар.

Алардын төртөөнө көз каранды эместик, алтоосуна өз алдынча башкаруу укугу берилген. Булар Транскей (коса уруусу үчүн, 1976), Бофутатсвана (тсвана уруусу үчүн, 1977), Венда(1976) ж-а Сискей (1981) мамлекеттери. Ар бир мамлекет демократиялык конституцияларды кабыл алышкан. Бирок, чындыгында алардын «суверендүүлүгү» желек жана гимнге ээ болуу менен гана чектелген. Саясий жана экономика жактан толугу менен ТАРдын өкмөтүнүн көзөмөлүндө турган. 1980-жылдарда Бантустанда ичара чатактар, төңкөрүштөр токтобой койгон. 1992-ж. Сискейдин полициялык күчтөрү Бишодогу Африка улуттук конгрессинин демонстрациясынын катышуучуларын кандуу жазалоого катышкан. 1994-жылдагы демократиялык шайлоолордон кийин жоюлган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4