Бапаков Жолаалы

Википедия дан

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бапаков Жолаалы (1890, Чүй облусу, Кемин району, Каралдөбө айылы – 1918, Бишкек) – Совет бийлиги үчүн жигердүү күрөшүүчүлөрдөн.
1914-ж. Токмоктогу орус-жергиликтүү мектебин бүтүрүп, Верный (Алматы) гимназиясынын даярдоо курсуна кирген.
1916-ж. үркүндө Турпанга барып, кайра келген.
1917-ж. Пишпекте уюшулган «Букара» союзуна мүчө болгон.
Пишпекте Совет бийлигин орнотууга катышкан.
Пишпек солдат жана жумушчу депутаттарынын уезддик Советинин 1-съездинде Советтин катчылыгына шайланган.
1918-ж. коммунисттик баштапкы уюмдарды түзүүгө катышкан.
1918-ж. декабрда эсерлер колдуу болуп өлгөн.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тарыхынын энциклопедиясы Б., 2003