Баракан күмбөзү

Википедия дан

Баракан күмбөзү - Тогуз-Торо өрөөнүндөгү 19-кылымдын орто ченине таандык археологиялык эстелик. Көк-Арт жана Атай суулары кошулган жердеги секиде курулган. Күмбөз Орто Азия аймагында колдонулуучу жука, жалпак бышкан кыштаж тургузулган. Күмбөздүн жанында усталар кыш бышырган «очоктордун» орду сактальш калган. Күмбөздүн адаттан тыш өзгөчөлүгү бар. Анын казанагы «найза тегеретип» (кендиги) казылып, таманына сөөк бузулбас үчүн атайылап арчанын күлүнөн калың төшөлүп, шыбы (үстү) жалаң арча устун менен жабылган. Күмбөзгө Тайлак баатырдын урпактары (20дан ашык) коюлган. Аялдардын сөөгүн арча менен «көшөгөлөп» бөлүп турушкан. Ал күмбөзгө акыркы жолу (1933) ырымдап улак союлуп, Кантөрөнүн уулу Мамет болуштун (Тайлак баатырдын небереси) сөөгү коюлуп, мүрзөнүн капкагы биротоло бекитилген. Ошондон баштап Тайлактын урпактары жалпы салт боюнча өз-өзүнчө көмүлүп келет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4