Баркарола

Википедия дан

Баркарола - (итал. barka кайык) 1) венеция гондольерлеринин ырларынын баштапкы аты. Кийин кайыкта сейилдеп ырдагандагы ырлардын баары баркарола деп аталган; 2) лирикалык сезимтал обондуу, суунун толкунун сүрөттөгөн коштоосу бар романс же фортепьяно үчүн жазылган чыгарма. 18-кылымдан баркарола профессионалдык музыка жанры катары кеңири тараган. Ф. Шуберт, М. И. Глинка, Ф. Шопен, П. И. Чайковский ж. б. композиторлордун чыгармачылыгында жана италян-француз операларында кездешет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4