Барклай-Де-Толли Михаил Богданович

Википедия дан

Барклай-Де-Толли Михаил Богданович (1761-14. 5. 1818) - орус ген. -фельдмаршалы (1814). Ата Мекендик согуштун баатыры (1812), князь (1815) Ригага көчүп келген илгерки шотландиялык уруудан.

Орус-түрк (1787- 91) жана орус-швед согуштарына катышкан. Ата Мекендик согушта 1-Чыгыш армиясынын командачысы болгон, ага 2-Батыш армиясы да баш ийген. Бородино салгылашуусунда орус армиясынын оң тарабына командачылык кылып, согуштук жогорку чеберчиликти жана эр жүрөктүүлүгү көрсөткөн. 1813-ж. З-Армияга, андан кийин орус-пруссия аскерлерине командачы болуп, алардын чет өлкөлөргө жасаган жортуулдарына жетекчилик кылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.