Бармин Владимир Павлович

Википедия дан

Бармин Владимир Павлович (17. 3. 1909 — 17. 7. 1993) - советтик илимпоз, механика жана машина куруу боюнча адис, СССР ИАнын акад. (1966; 1958-ж. мүчө-корр. ).

Социалисттик Эмгектин Баатыры (1956). 1944-жылдан КПССтин мүчөсү. 1930-ж. Москва жогорку тех. окуу жайын (МВТУ) бүтүрүп, "Компрессор", заводунда иштейт. 1941-ж. конструкторлор бюросунда начальник жана башкы конструктор.

1931-жылдан бери МВТУда сабак берет (1960-жылдан профессор ). Негизги эмгектерин компрессор куруу, муздатуу техникасынын маселелери ж. б. боюнча жазган. СССР Мамлекеттик (1943, 1964) жана Лениндик (1957) сыйл. лауреаты. 5 Ленин ордени, башка 2 орден, медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.