Барометрден нивелирлөө

Википедия дан

Барометрден нивелирлөө - жер бетиндеги эки чекиттин бийиктик айырмасын аныктоо үчүн колдонулуучу ыкма.

Барометрден нивелирлөө бийиктикке көтөрүлгөн сайын абанын басымы төмөндөн тургандыгына негизделип, атмосферанын басымын өлчөө менен жүргүзүлөт. Эки чекиттин бийиктик жана атмосфера басым айырмаларынын ортосундагы байланыш барометрдик формула боюнча эсептелет. Басым барометр, анероид менен өлчөнүп, температура жана нымдуулукка карай түзөтүүлөр киргизилгенден кийин, бийиктикти 3 м ге чейинки тактыкта аныктоого болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.