Барометрлик нивелирлөө

Википедия дан
Барометр.

Барометрлик нивелирлөө - жер бетиндеги эки чекиттин бийиктик айырмасын аныктоо үчүн колдонулуучу ыкма. Барометрлик нивелирлөө бийиктикке көтөрүлгөн сайын абанын басымы төмөндөй тургандыгына негизделип, атмосферанын басымын өлчөө менен жүргүзүлөт. Эки чекиттин бийиктик жана атмосфера басым айырмаларынын ортосундагы байланыш барометрдик формула боюнча эсептелет. Басым барометр, анероид менен өлчөнүп, температура жана нымдуулукка карай түзөтүүлөр киргизилгенден кийин, бийиктикти 3 м ге чейинки тактыкта аныктоого болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4