Барпы (Манас эпосу)

Википедия дан

Барпы — эпос боюнча кытай кандарын жашартып, узак жашатыш үчүн табыптар атайы даярдаган дары. Сагымбай Орозбаковдун вариантында аны даярдоо ыкмасы төмөнкүчө баяндалат. Эсенкандын буйругу боюнча табыптар элдин он бир жаштагы өтө сулуу уул-кыздарын чогултуп бөтөн жан каттабаган ээн асем сарайда бир кыз, бир баладан жуп кылып багышат. Адегенде аларды күндүз бирге коюп, түн ичинде бөлүп кетип турушат. Күн өткөн сайын бири-бирине ашыктыгы күчөгөн аларды уламдан-улам сейрек кездештирип, аябай куса кылышат. Ошентип кыз-жигит он алтыга келип бири бирисиз жашай албаган абалга келгенде кошулгула деп дары чыланган таш карапага киргизип оозун бекитишет. Ашык болгон жаштар кучакташкан бойдон жан берет. Карападагы чыланган дарыдан денелери үч-төрт жылда буламыкка айланып, андан падышалык дары Барпы даярдалат. Алмамбет Кытайда аскер башы кан болуп турганда Барпы даярдоого туткундалган балдар — кыздар жөнүндө кокусунан билип калып аларды бошотуп, мындай залимдикке барган кытай кандарына кыжырланганы өзүнчө чакан эпизод болуп берилет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4