Басаңдаткыч

Википедия дан

Басаңдаткыч, амортизатор машина конструкциясында, курулушта чоң күчтөн жана титирөөдөн коргоочу, урулуп-согулууларды жумшартып, жеңилдетүүчү түзүлмө. Басаңдаткыч урунуучу бөлүк менен урунуудан сакталуучу бөлүктүн (транспортто дөңгөлөктүн огу менен тулкусунун) ортосуна орнотулат. Басаңдаткыч автомобиль өңгүл-дөңгүл жол менен жүргөн учурда термелүүнү басаңдатуу, самолёт конордо жерге урунууну жумшартып жеңилдетүү үчүн ж. б. учурларда колдонулат. Басаңдаткычтын конструкциясында тептирче (рессор), торсион, резина элементтери, ошондой эле суюктуктар, газдар ж. б. колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4