Баскыч топ

Википедия дан
IBM Model M баскыч тобу

Баскыч топ — берилиштерди баскыч топ баскычтарын терүү менен компьютерге киргизет. Баскыч топ жеке компьютерге же терминал сыяктуу экраны болгон башка бир түзүлүшкө туташтырылат. Баскыч топтон терилип киргизилген берилиштер экрандан чагылдырылып турат. Баскыч топ тактасындагы алфавит баскычтары машинке баскычтарындай тартипте жайгашкан. Баскыч топтун сандык баскычтар тобу баскыч топ тактасынын оң жагына топтолуп, калькулятордукундай жайгашканы сандарды тез терүүгө мүмкүндүк берет, ал баскычтарды кыстаруу орунду жылдыруу сыяктуу кошумча аракеттерди аткартуу үчүн колдонсо да болот. Баскыч топ тактасында жылгычты же кыстаруу орунду көрсөтүүчү жебе баскычтары да орун алган. Жебе баскычтарынын бири басылса кыстаруу орду бир орунга жебенин багыты боюнча жылат. Ошондой эле, баскыч топ тактасы кыстаруу орунду саптын же документтин башына жылдыруучу HOME сыяктуу көптөгөн баскычтарын камтыйт. Компьютердин баскыч топ тактасындагы көпчүлүк баскычтары тексттерди өзгөртүү же оңдоо аракеттеринде колдонулат, мисалы, текстке жаңы символдорду кыстарууда же алып салууда (өчүрүүдө) INSERT, DELETE, BACKSPACE сыяктуу баскычтары пайдаланылат. CAPS LOCK баскычы баш тамгалар режимин орнотот жана ал режимди өчүрөт. NUM LOCK оң жактагы сандык баскычтар тобунун сандык режимин орнотот же өчүрөт. Эгерде сандык режим орнотулса, анда алар сандарды терүүдө, ал эми режим алып салынса, ошол эле баскычтар баскычта көрсөтүл¬гөн аракеттерди аткартууда колдонулат. Баскыч топ тактасынын жогору жагында орун алган функционалдык баскычтар кандайдыр бир аракетти аткартуу үчүн программаланып коюлат. Функционалдык баскычтар F тамгасы жана сан менен белгиленет, мисалы, F1 баскычын басуу үчүн F тамгасы жана андан кийин 1 саны басылбастан F1 функционалдык баскычы басылат. Демейде F1 баскычына колдонуучуга жардам берүүчү сурап-билүү тексттерин экранга чыгаруу аракетин бекитишет. Бул баскычтарды колдонуу менен убакыт үнөмдөлөт, себеби баскыч топ тактасынан буйрукту терип отурбастан функционалдык баскычты басып коюу менен буйрук аткарылат. Баскыч топ тактасынын жогорку оң бурчунда сандык баскычтар тобун, баш тамгаларды, жылдыргыч тилкелердин блокировкаланганын (тосмолонгонун) көрсөткөн жарыктар жайгашкан. ESCAPE (ESC) баскычын буйруктун аткарылышын токтотуу же орундан чыгууну уюштуруу үчүн колдонулат. ESC баскычынын милдети програмдардын ар пакетинде өзгөрүлүп турат.

Кошумча маалымат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]