Баскыя көрүстөндөрү

Википедия дан

Баскыя көрүстөндөрү - Нарын облусунун аймагындагы б. з. ч. 6-1 миң жылдык б. з. 5-6-кылымдарына таандык археологиялык эстелик. Археологияда алар шарттуу түрдө экиге бөлүнөт: б. з. ч. 1-миң жылдыкка таандык Баскыя I байыркы көрүстөнү Жергетал айылынан 7 км түштүгүрөөк жерде, Баскыя өрөөнүндө жайгашкан. Ал 23 дөбө-коргондон турат. Бийикт. 0,20-0,70 м, диаметри 7-13 м. Дөбө-коргондун үстүнө таштар коюлган, айрымдары таштар менен тегерете корумдалган. Көрүстөндөр сүйрүрөөк келип, алардын узундугу 1,9-2,3 м, жазылыгы 0,40-1 м, тереңдпги 0,40-1 м. Көрүстөндө адамдар жалгыз, чалкасынан жаткырылып, башы кыбыланы каратып коюлган. Чопо идиштер, колодон жасалган кооздук буюмдар, темирден жасалган эмгек куралдары, бычак ж. б. табылган. Баскыя II байыркы көрүстөнү Жергетал суусунун жээгинде жайгашкан. Бул жерде болжол менен 40тай дөбө-коргон бар. Түндүктөн түштүктү карай 400 мге созулуп, таш-дөбө жана таш-мүрзөлөрдөн турат. Диаметри 7ден 15мге чейин, бийикт. 0,22 м. Көрүстөндө адамдар жалгыз, айрым убакта топ-топ болуп, казанактуу жана жарма көрлөргө кыбыланы каратып коюлган. Ал жерден куралжарактар, кооздук буюмдар ж. б. табылган. Көрүстөндөрдү 1981-83-ж. К. И. Ташбаева негиздеген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4