Басмакана

Википедия дан

Басмакана, типография (гр. tepos калтырган так (опечатка), калып (форма) жана grаphо жазам) китеп, гезит, журнал жана ар түрдүү басма продукцияларын (өндүрүмдөрүн) даярдап чыгаруучу полиграфия ишканасы. Басуунун ар кандай ыкмалары колдонулган ишкана полиграфиялык комбинат, чыгарылуучу өндүрүмдүн бир эле түрүнө адистештирилген ишкана китеп фкасы деп аталат. Иштеп чыгаруучу продукциянын түрүнө карата ал гезит-журнал, китеп, бланка чыгаруучу басмакана болуп айырмаланат. Басмаканага колжазма түшкөндө компьютерде терилет же көчүрүлөт, калыпка салынат (версткаланат), калькага чыгарылат, монтаждалат, форма (пластина) жасалат, басылат. Андан кийин бүктөө (фальцовкалоо), дептерлеп чогултуу, тигүү, кесүү, мукабалоо, пресстөө, кургатуу иштери аткарылып, даяр өндүрүм кампага жөнөтүлөт. Аз тираждуу өндүрүм үчүн «Ромайор» (А3 формат менен), көп тираждуу өндүрүм үчүн «Гейдельберг» ж. б. басуу (печаттоо) машиналары колдонулат. Азыркы кезде технологиялык процесстердин күн санап өсүшүнөн улам полиграфия техникалары жана технологиясы жаңыланууда. Түстүү көркөм сүрөттөр санариптик эсептөө машинасында жана көбүнчө плёнкага чыгарып (фотовывод), басууга даярдоо жабдыгы менен ишке ашырылат. Басмаканы компьютерлештирүүдө компьютерден түздөн-түз басуу формасы жасалып (аз тираждуу өндүрүмдөр үчүн), ризографка кетет. Мында иш процесси кыскарып, өндүрүмдүн сапаты жогорулайт. Кыргызстанда биринчи басмакана 1925-ж. уюштурулган. Жаңы технология менен жабдылган «Учкун» кагаз түрмөгүнөн (рулондон) 1 же 2, же 3, же 4 түстө баскан, америкалык «Фирподонхоус» кагаз түрмөгүнөн дароо 4 түс менен баскан типографиялары, ошондой эле 50дөн ашык ар кандай басмаканалар иштейт (2007).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4