Басов Станислав Александрович

Википедия дан

Басов Станислав Александрович (25. 8. 1940-ж. т., Барнаул) — техника илимдеринин доктору (1986), профессор (1989), Кыргыз ССРинин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1976), КРдин илимге эмгек сиңирген ишмери (1991). Томск политехникалык институтун (1962), Фрунзедеги политехникалык институтунун аспирантурасын (1968) бүтүргөн. Кыргыз ССР ИАнын Автоматика институтунда лаборатория башчы (1969-92) болуп иштеген. Басовдун катышуусу менен жасалган ойлоп табууларга Швеция, ФРГ, Франция, Япония ж. б. өлкөлөрдүн патенттери берилген. Илимий эмгектери негизинен тоокен өнөр жайында, курулуш тармагында колдонулуучу гидравликалык бургулоочу машинанын конструкциясын түзүүгө, алардын динамикалык процесстерин изилдөөгө арналган. 200дөн ашуун илимий эмгеги, 20га жакын монографиясы жарык көргөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4