Басым менен иштетүү

Википедия дан

Басым менен иштетүү - машина тетиктерин жана металл буюмдарды сомдоо же штамптоо жолу менен даярдоо. Көбүнчө самолёт, автомашина, тепловоздун тетиктери сомдоо жана штамптоо менен жасалат. Тетиктерди даярдоодо түрдүү өлчөмдөгү барскан менен штамптар кеңири пайдаланылып, темирчилик-штамптоо өндүрүшүндө даярдалат. Машина менен сомдоодо чоң басым астында иштөөчү 100 кг дан 10000 кг га чейинки барскан, гидравликалык пресстер колдонулат. Тетиктерди сериялык жана массалык түрдө иштеп чыгаруучу өндүрүштө ысык жана муздак штамптоо кеңири жүргүзүлөт. Штамптоо процессинде негизги аспап штамп, ал аспаптык болоттон жасалат. Штамптоо иштери сомдоочу машинада жана ысык штамптоочу прессте жүргүзүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4