Батиев Бакир

Википедия дан

Батиев Бакир 1944-жылы Сузак районунун Багыш айылында туулган.

  • 1961-жылы мектепти, 1964-жылы Жалал-абад зооветеринардык техникумун бүтүрүп,ушул эле жылы Ош областык ички иштер башкармалыгына катардагы милиционер болуп кызматка орношот.
  • 1973- жылы Фрунзедеги милициянын атайын орто окуу жайын,
  • 1986-жылы Караганда шаарындагы СССРдин ички иштер министирлигинин жогорку окуу жайын бүтүргөн.
  • Ички иштер органында 34 календардык жыл кынтыксыз кызмат өтөп,
  • 1998-жылы 54 жаш курагында милициянын подполковниги чини менен ардактуу эс алууга чыккан.
  • 1999-жылдан 2001-жылга чейин Жалал-Абад областык мамлекеттик стандарт мекемесинде юрист болуп иштейт.
  • 2001-2006-жылдары Кыргыз Республикасынын юстиция министирлигинин Жалал-Абад областык сот департамент башкармалыгынын башчысы,
  • 2006-2010-жылдары Жалал-Абад областык юстиция башкармалыгынын башчысы болуп эмгектенет.
  • Мамлекетибиздин бейпилдигин жана коопсуздугун чыңдоодо көрсөткөн үзүрлүү эмгеги үчүн, көптөгөн медалдар, ардак грамоталар, баалуу сыйлыктар менен сыйланган.
  • 2008-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен “Юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси”, башкача айтканда Юстициянын генерал майору” класстык чини ыйгарылган.
  • “Эмгектин ардагери”, Жалал-Абад шаарынын “Ардактуу атуулу” наамдарынын ээси.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3