Баткен чек ара жаңжалы

Википедия дан

Баткен чегара жаңжалы - эл аралык коогалаңды чакырган ар кошкон чет террорчулар тобунун КРдин мамлекет чегин бузуп, басып кирүү аракеттери (1999-2000-жылдар). Баскынчыл аракет 1999-ж. 30-июлда Тажикстан менен чектеш Баткен жергесинин «Жылуу-Суу» аймагында курал-жаракчан адамдар пайда болгондон башталган. Алар Өзбекстанга таандык метеостанцияны, Кыргызстандын Кожашкан, Зардалы кыштактарын басып алышып, Алтын жайлоодо кен чалгындап жүрүшкөн 4 япон геологун кыргыз тилмечи менен туткундап кетишет. Дара, Кыштут, Кен айылдарын ээлешет, көптөгөн тургундар барымтага алынат. Террорчулар саны 70ке жеткен. Жергиликтүү калктан түзүлгөн элдик куралдуу топтор, чегара аскерлери жана милиция кошуундарынын күчү менен Баткен чегара аймагы баскынчылардан толук бошотулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4