Баткен шаарындагы В.И.Ленин атындагы орто мектеби.

Википедия дан

Азыркы учурда бул мектеп Баткен областындагы эн чоң мектеп болуп саналат.
Бул мектеп 1923-жылы биринчи комсомолец,революционер Имаров Айтпай тарабынан негизделген. Мектептин биринчи мугалими да өзү болгон.
Кийинчерээк Кара-Бак кыштагында "Комсомол жаштардын мектеби" деп аталып, башталгыч мектеп ачылган. Андан кийин Баткен кыштагында, сай боюндагы мектепке көчүрүлүп келинген.
30-жылдары азыркы(2011-жыл) райондук кеңештин имаратынын жанына 7 жылдык мектеп болуп ачылып, ага В.И.Лениндин ысымы берилген.
1977-жылга чейин мектептин имараты курулуп,ага көчүрүлгөн.
1982-жылдын март айынан баштап ошол мектеп иштейт.
1947-48-жылы окуу жылында метепти 14 окуучу бүтүргөн. Ошондон баштап бул мектеп чоңоюп атат.

В.И.Ленин орто мектебин бүтүргөн белгилүү инсандар: Болот Шерниязов, Улукбек Кочкоров, Саламат Садыкова, Аппаз Жайнаков жана Арзыбек Бурканов.