Улукбек Кочкоров

Википедия дан

Өмүр баян[түзөтүү | булагын түзөтүү]

КОЧКОРОВ Улукбек Тойчубаевич - коомдук ишмер "Ата Журт" депутаттык фракциясынын депутаты.

1974-жылы Ош областынын Баткен районуна караштуу Кара-Бак айылында туулган.

Улуту: Кыргыз.

Жогорку билимдүү.

1995-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетин бүтүрүп, финансы жана кредит адистиги боюнча бөлүмүн бүтүргөн.

2003-жылы ошол эле университетин юридика факультетин “Укук таануу” адистиги боюнча ийгиликтүү бүтүргөн.

Ишмердүүлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1995-жылы октябрь айында Бишкек шаарынын Свердлов районунун финансы бөлүмүнүн бюджет боюнча жетектөөчү адиси болуп өзүнүн эмгек жолун баштаган.

1995-жылдын декабрь айынан тартып 1997-жылдын февраль айына чейин Кыргыз Республикасынын Экономика жана Финисы Министрлигинин жетектөөчү адиси болуп иштеген.

1997-жылдын февраль айынан баштап 2009-жылдын март айына чейин Улуттук Коопсуздук Комитетинде ыйгарым укутуу кызматкер бөлүмчө башчысы, бөлүм башчынын орун басары, бөлүм башчысы, УКК башкармалыгынын башчысынын орун басары, УКК башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу деген кызматтарда иштеген.


2009-жылдын март айынан тарта 2010-жылдын июль айына чейин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Салык кызматынын башкармалыгынын башчысы кызматында иштеген.

2011 жылдын март айыда «Ата Журт» идеалисттик демократиялык саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына жана Фискалдык жана акча-насыялык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп шайланган.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасы менен сыйланган жана 1-класстагы мамлекеттик кызматынын кеңешчиси деген чини бар.

[1](жеткиликсиз шилтеме)