Батометр

Википедия дан

Батометр — суунун физикалык, химиялык касиеттерин, анын курамындагы органкалык эмес заттарды изилдөө максатында көлмөнүн тереңдигинен суу алуу үчүн колдонулуучу прибор. Иштөө принциптери боюнча батометр тез жана жай толмо болуп бөлүнөт. Практикада көбүнчө 2 учунда жабылмалуу капкакчасы менен оодарылмалуу термометри бар ичке латунь цилиндиринен (көлөмү 3001000 см3) турган батометр колдонулат. Ал зым арканга байланып, капкактары ачык боюнча сууга тик ылдый чөгөрүлөт. Белгилүү тереңдикке жеткенде, анын артынан түшүрүлгөн жүктүн жардамы менен капкактарды кармап турган тетик бошоп, цилиндр жабылат да, суу анын ичинде калат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4