Баттерфлай

Википедия дан

Баттерфлай - (англ. butterfly көпөлөк) сууда спорттук сүзүү ыгы. Анда спортчу эки колу менен бир мезгилде сууну шилеп, андан кийин колун суунун үстүнө чыгарып, көкүрөк менен бутун брасстагыдай (к. Брасс) кыймылдатып сүзөт. 1934-ж. сууда сүзүүнүн өзүнчө ыкмасы катары кабыл алынган. Сууда сүзүүнүн эл аралык федерациясы 1952-ж. аны брасс ыкмасынан өзүнчө бөлгөн. Баттерфлайдын өркүндөтүлгөн түрү дельфин деп аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4