Батут

Википедия дан

Батут - (фр. batoude, итал. battuta урунуу) көкөлөп секирүү үчүн орнотулган пружиналуу төрт чарчы керме түзүлүш, резина серпилгичтүү (амортизатор) темир алкакка горизонталь абалда бекитилген тор. Батуттун узундугу 5, туурасы 1 м келип, жерден 1,2 м бийиктикте орнотулат, анын бүктөмө, ажыратма түрү бар. Батутта секирүү (бирден же жуп синхрондуу) спорттун түрү. Эл аралык федерациясы 1964-ж. негизделген. Дүйнөлүк чемпионат 1964-жылдан өткөрүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4