Батышка жортуул («Манас» эпосу)

Википедия дан

Батышка жортуул («Манас» эпосу) — эпоско киргизилген кошумча эпизод. Бекер жатып эриктик деп кырк чоро Манаска айтпай уу кылып, жер чалып, ыгы келсе душман менен беттешип олжо алып келели деп аны үйгө таштап аз эле адам менен аттанып, батыш тарапка бет алышат. Каныкей кырк чорону сарамжал кам менен узатып, анын сарамжалдуулугуна эл ыраазы болот. Кырк чоронун кеткенин кийин билген Манас көп кол алып артынан барат. Аары деген эл менен уруш болуп, аларды жеңип олжо алып кайтышат.

Эпизод Радлов жазып алган вариантта, Саякбай Каралаевдин вариантында, башка манасчыларда да кезикпейт. Демек буга караганда Сагымбайдын эпоско жекече кошумчасы катары кароо керек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4