Батыш Ак-Шыйрак коргошун кендеринин тобу

Википедия дан

Батыш Ак-Шыйрак коргошун кендеринин тобу Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы коргошун кендери жаткан аймак. Кош-Дөбө кышаарынан 30 км түндүк-батышта. Батыш Ак-Шыйрак кырка тоосунун түндүк-чыгыш жак четинде жана Кызылкыр тоосунда. Рудалуу тилке бир нече кмге созулат. Ири кендери: Кулжабашат, Чункей, Бүркүтуя жана Кызылкыр. Аймактын геологиясын девон жана карбон мезгилдеринин татаал бүктөлүүлөргө дуушарланган жана ири антиклиналдык түзүлүштөгү тоо тектер түзөт. Кен тектоникалык жаракалар менен тилмеленген карбондун аки таш тектеринде топтолгон. Руда тулкулары линза, уя түрүндө жатат. Коргошун 16-23%ке чейин. Негизги минералдары: галенит, сфалерит, пирит, халькопирит ж. б. Кен гидротермден пайда болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]